super.kg logo

ИИМ түнкүсүн ызы-чуу салгандарга айып пул салууну сунуштоодо 

 

Милицияга үйдө жана коомдук жайларда тынчтыкты сактоо эрежелерин бузгандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун ИИМ демилгелеп, коомдук талкууга койду.

Министрликтин түшүндүрмөсүнө караганда, бул мыйзам долбоору жарандардын ден соолугун жол берилген деңгээлден ашкан үн басымынын жана ызы-чуунун зыяндуу таасиринен коргоо максатында иштелип чыккан.

Документте түнкүсүн ызы-чуу чыгарып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөндөргө даттануу тийиштүү натыйжа бербей калгандыгы белгиленет. Анткени Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти адамдык жана каржылык ресурстардын жетишсиздигинен, ошондой эле сегиз сааттык жумуш күнүнөн улам жарандардын арыздарына убагында жооп бере албай жатканы айтылат.

Эгер мыйзам кабыл алынса, ызы-чуунун деңгээлин өлчөгөн приборлорду сатып алууга каражат керек болот. Мындай прибордун бир даанасы өндүрүүчүсүнө жана моделине жараша 280 миңден 380 миң сомго чейин бааланат. Башкармалыктын аймактык бөлүмдөрүнө 126 өлчөөчү прибор сатып алууга бюджеттен 44 миллион 100 миң сом талап кылынат. Чыгым айып пулдан түшкөн каражаттын эсебинен жабылышы ыктымал.

Калктуу конуштарда же болбосо коомдук жайларда тынчтыкты сактоо эрежелерин бузган жеке жактар 10 миң сомго, юридикалык жактар 28 миң сомго айыпка жыгылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: