16-июлга карата аба ырайы
16-июлда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймагында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын нөшөрлөп жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +26…+31,
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүшү күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +28…+30 градус болот.

