super.kg logo

“Алдыңкы державалар туруштук бере албайт”. Садыр Жапаров селди алдын алуудагы иш-аракеттерге токтолду

 

Бүгүн, 17-июлда Садыр Жапаров кезектеги маегинде селди алдын алууда айрым жерлерде курулуш иштери башталганын билдирди. “Табияттын кырсыгынан эч ким качып кутула албайт экен. Мен-мен деген дүйнөлүк чоң-чоң державалар дагы табияттын кырсыктарына туруштук бере албай жатканын көрүп эле жатпайбызбы”, - деди өлкө башчысы.

Бир топ жерлерде иштер жүрүп жатат. Мындай иштер мындан ары да уланып кете берет. Өзүңүздөр билесиздер, мурда курулуш иштерин жүргүзчү техникалардын баары тээ 90-жылдардагы эскилиги жеткен техникалар болчу. Өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери техникаларды минбей эле, техникалар өзгөчө кырдаалдардын кызматкерлерин минип калган. Курулуш иштери, алдын алуу иштери дээрлик жүрбөй калган.

Акыркы үч жыл ичинде техникаларын толук жаңыртып бүттүк. Былтыртан бери эле алгылыктуу иштер башталды. Эми бүткүл республика боюнча бир эле жылда бардык аймактарда селдин алдын алчу жерлерди бүтүрүп салыш кыйын да.

Кудай буюрса, жыл сайын курулуш иштерин жүргүзүп отуруп, келечекте бүтүрөбүз. Мындай алдын алуу иштери тынымсыз уланат», - деп айтты президент.

Садыр Жапаров маегинде селдин кесепетинен каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтып, башка арга жок экенин белгилеп, кайрат кылууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: