super.kg logo

Оштогу сел: Учурда 400гө жакын кызматкер, 44 техника иштеп жатат

 

Бүгүн, 17-июлда Ош облусундагы селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМден 44 техника, 379 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, облустун Кара-Суу районунда 370 куткаруучу 15 инженердик, 24 атайын техника, 19 мотопомпа менен селдин калдыктарын тазалоодо.

Ал эми Ош шаарында 25 куткаруучу 5 инженердик техника менен иш алып барууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-июлда Кара-Суу районунда суу кирген 718 турак үйдүн 602си тазаланып бүттү.

"Ош шаарынын Төлөйкөн жана Жапалак айыл аймактарында 183 турак үйгө, 2 социалдык объектиге, 10 эс алуу жайына жана борбордук базардын 785 соода түйүнүнө сел суусу кирген", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле селдин кесепеттерин жоюу үчүн жергиликтүү тургундар, соодагерлер жана Жарандык коргонуу кызматтары да иш алып барышты.

Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, 14-июлда катуу келген селден улам Ош шаарындагы «Мөл-Булак» эс алуучу жайынан 4 киши агып кеткендиги боюнча маалымат кабарланган. Суу 44 жаштагы аялды жана анын 6, 10 жана 19 жаштагы кыздарын алып кеткен. Ошол күнү кечинде 6 жашар кыздын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылган.

Ал эми кечээ, 16-июлда бешинчи адамдын жансыз денеси Өзбекстандын аймагынан табылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: