super.kg logo

Айтургандын өлүмү: Ишти Башкы прокуратура көзөмөлгө алды

 

Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишиндеги тергөө Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө экенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилегендей, 25 жаштагы келиндин өлүмү боюнча кылмыш иши 12-июлда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи тарабынан "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен ачылып, учурда тергелип жатат.

"Өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен тийиштүү укуктук баа берилет", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 10-июлда Октябрь РИИБи иликтөө иштери башталганын маалымдаган болчу.

Айтургандын өлүмү коомчулукта резонанс жаратууда. Белгилүү болгондой, ал 7-июль күнү Бишкектеги №4 клиникалык тез жардам ооруканасында каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айтып чыккан.

Бирок келиндин жакындары буга ишенбей турганын, анын өлүмүнө күйөө баласы себеп болушу мүмкүн экенин айтып SUPER.KG порталына кайрылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: