Баткен жана Фергана облустарынын башчылары Молдо Нияздын мектеп-үңкүрүнө зыярат кылышты







Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров Кадамжайдагы агартуучу, жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулунун музей-комплексине барышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Баткен облусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылы Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленген. Акындын 19-кылымдагы мектеп-үңкүрү реконструкцияланып, туристтик жайга айланды.
Белгилей кетсек, буга чейин Абдикарим Алимбаев менен Хайрулло Бозаров Шахимардан аймагындагы Молдо Нияз Эрназар уулунун сөөгү коюлган жайга барып зыярат кылып, акындын күмбөзүн курууну макулдашкан.
"Бул иш-аракет эки элдин ортосундагы урмат-сыйдын жогорулоосуна, ынтымагынын бекемделүүсүнө өбөлгө түзөрүн белгилешкен", - деп айтылат маалыматта.

