Бишкектеги "Ынтымак" паркындагы көлмөгө эркек киши чөгүп кетти
Кечээ, 16-июль күнү Бишкек шаарындагы Ынтымак паркындагы көлмөгө эркек киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул факт Бишкек шаарынын аталган райондук бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
"Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо барып, маркумдун өздүгү такталган. Денесинде эч кандай жаракаттар табылган эмес. Бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалды", - деп жазылат анда.
Милиция кошумча маалымат берилерин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.