super.kg logo

Айыл чарба тармагындагы лабораториялар жаңы заманбап жабдуулар менен камсыздалды

 

Айыл чарба тармагындагы лабораториялар жаңы заманбап жабдуулар менен камсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясына Европа өндүрүшүндөгү SCION GC 8500 газ хроматографы сатып алынды. Аталган техника Дүйнөлүк банктын “Ош облусун жана Ош шаарын региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун гранттык колдоосу менен сатып алынды.

Белгилей кетсек, газ хроматографынын негизги функциясы айыл чарба продукцияларында, топуракта жана суудагы пестициддердин калдык санын аныктоо болуп саналат.

"Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясы тарабынан жалпы 246 үлгү айыл чарба продукциясынын курамындагы пестициддердин калдык санын аныктоо иши жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары учурда Ош облусунун Достук жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу өлкө аймагына кирип жаткан айыл чарба продукциялары лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: