super.kg logo

Чоң-Сары-Ойдо караңгыда көлгө түшүп жатып чөгүп кеткен 17 жаштагы кызды куткаргандар сыйланды

 

Бүгүн, 22-июль күнү Ысык-Көл ОИИБинин башчысы Мурат Боронов Чоң-Сары-Ой айылдык милиция бөлүмүнүн аймактык ыйгарымдуу өкүлү Азамат Асановду жана эрдик көрсөткөн жергиликтүү тургун, 16 жаштагы Алишер Асангуловду ыраазычылык кат менен сыйлады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Облустук милициянын башчысы Мурат Боронов бардык катышуучуларга алардын баа жеткис салымы жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, алардын эрдиги жана баатырдыгы коомго берилгендиктин ачык мисалы болуп саналат. Куткаруунун татаал шарттарында милиция кызматкерлерине активдүү жардам берип гана тим болбостон, өзүнүн жаш курагына карабай суктанаарлык жеке сапаттарын көрсөткөн 16 жаштагы Алишер Асангуловдун эрдигине өзгөчө көңүл бурулду.

Мурат Боронов мындай адамдар — өлкөнүн келечеги жана сыймыгы экенин баса белгиледи. Ошондой эле башчы өз сөзүндө Алишер Асангуловдун ата-энесине уулун тарбиялоодогу адеп-ахлактуулукка жана адамдык бийик баалуулуктарды калыптандыруудагы маанилүү ролу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай ата-энелердин аркасы менен азыркы убакта чыныгы баатырлар жана коомдун коргоочулары тарбияланып жатканын баса белгиледи.

Эске салсак, 18-июль күнү саат 22:00дө Чоң-Сары-Ой айылында кечинде көлгө түшүп жаткан кыз чөгүп кеткен. Аны милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар сактап калышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: