Чүйдө 48 жаштагы Иса Көчөров эки жылдан бери изделүүдө
Чүйдө 1976-жылы туулган Иса Көчөров 2022-жылдан бери изделүүдө. Бул тууралуу Чуй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 2022-жылы 1-февралда Ысык-Ата районундагы Кеңеш айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Бул тууралуу арыз менен Көчөровдун тууганы милицияга кайрылган.
Белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара, көзү күрөң түстө. Сакалы, оозунун үстүндө тырыгы бар. Моюн тарабында жылдыз формасында 2 татуировка бар.
Кийген кийимдери: үстүнкү кийими кызыл түстө, кара түстөгү шым, баш кийим жана көлөч.
Милиция аталган жаран тууралуу маалымат билгендерди 0312 616 907, 0313 252 147, 0709 502 955 жана 0505 768 876 номерлери аркылуу байланышууга чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.