Нарында айыл жаштары имамга аргымак мингизишти (фото)






Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылында айыл жаштары айылда көп жылдан бери имам болуп эмгектенип келген Кенжебек Имановго аргымак мингизишти.
Айылдын жаштары имамдын көп жылдан бери элге кылып келе жаткан кызматына ыраазычылык билдирип, бүгүн 22-июлда аргымак тартуулашкан.
"Бүгүн айылдагы 1980-жылкылардан 2005-жылкы инилерибизге чейин чакан каражат чогултуп, айылыбыздын имамына кыргыздын салты менен аргымак мингиздик. Имамыбыз айылыбызга көп жылдан бери кызмат кылып келет, үй-бүлөсүнө Аллахым бактылуулук берсин.
Ушул демилгеге кош көңүл карабай, салымын кошкон ар бир айылыбыздын жаштарына рахмат", - деди айыл тургуну Максат Советбеков.
Кенжебек Иманов Куланак айылында 20 жылдан ашуун имам кызматын аркалап келет
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.