Акылбек Жапаров Мамлекеттик персонификациялоо борборунун жана “Учкун” ААКсынын ишмердүүлүгүн көрүп кайтты






Бүгүн, 23-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын Мамлекеттик персонификациялоо борборуна барды. Анда борбордогу заманбап жабдуулар, эл аралык стандарттарга жооп берген документтерди даярдоодогу ишмердүүлүктүн сапаты жана коопсуздугу тууралуу айтып беришти. Бул туурасында өкмөттүн маалымат бөлүмү кабарлады.
Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы “Учкун” ачык акционердик коомуна барды. Анда окуу куралдары даярдалган цехтерди көрүп чыгып, биометрикалык паспортторду жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоонун этаптары менен таанышты.
Жапаров продукциянын сапаты жана ишенимдүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
“Мамлекеттик персонификациялоо борбору жана “Учкун” ААКсы биздин өлкөнүн жарандары колдонгон документтердин коопсуздугун жана сапатын камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Технологияны өркүндөтүү жана эл аралык стандарттарга шайкештикти камсыздоону улантуу маанилүү”, - деди ал.
Ошондой эле өндүрүштүк кубаттуулуктарды мындан ары өнүктүрүүнүн жана модернизациялоонун перспективалары жана башка актуалдуу маселелер да талкууланды.

