Бишкектеги аукционго эки жолу коюлган “Аккула” ат майданы түз сатууга сунушталды
Бишкектеги «Аккула» ат майданын түз сатуу ыкмасы менен эки чет элдик компанияга менчиктештирүүгө берүү сунушталууда. Бул туурасында мэрияныны токтому шаардык кеңештин расмий сайтына кечээ, 22-июлда жарыяланган соң маалым болду.
Анда «ROX Group» жана «TNG Global Foundation» компанияларына мэрия тарабынан түз сатып алуу сунушталган. Аны менен катар аталган эки компанияга шаар ичиндеги жолдорду оңдоп-түзөө, мектеп, бала бакча, эс алуучу жайларды куруу тууралуу шарттар коюлган. Курулуш иштери бүткөн соң мамлекетттин балансына өткөрүп берүү пунктары да бар.
Белгилей кетсек, ат майдандын жер тилкесинин аянты 45,736 гектарды, андагы имарат 1818,5 чарчы метрди түзөт. Ал май айында эки ирет сатыкка коюлган, бирок катышуучулар жок болгондуктан аукцион өтпөй калган. Мүлк комплекси 33 лотко бөлүнгөн болчу.

