Бишкекте 25-июлдан тарта Горький көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 25-июлдан тарта Максим Горький көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат. Аталган көчөнүн Ч. Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Ага ылайык, жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыртылып, жолдун үстүнкү катмарына майдаланган таш мастик асфальт төшөлөт.
Белгилей кетсек, М. Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин бир нече этап менен реаблитация болот.
Бишкекте дагы бир көчө оңдоо иштери үчүн жабылат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.