Кыргызстан менен Азербайжандын башкы прокурорлору кызматташуу келишимине кол коюшту
Башкы прокурор Максат Асаналиев Азербайжандын башкы прокурору Кямран Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн көзөмөл органдарынын ортосундагы 2025-2026-жылдарга кызматташуу жөнүндө келишимге жана кызматташуу программасына кол коюлду.
Макулдашуу жана кызматташуу программасы Кыргызстан менен Азербайжандын Башкы прокуратураларынын ортосунда укук тартиби жана мыйзамдуулук жаатында өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган. Документтер тажрыйба жана маалымат алмашуу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле прокурордук иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.