super.kg logo

Ысык-Көлдүн Чырпыкты айылынын тургундары Садыр Жапаровго кайрылышты (видео)

 

Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Алар өрүктүн баасы арзан болуп, өтпөй жатканына нааразы болушууда. Тургундар мамлекет башчысынан өрүктү кайра иштетүүчү ишканаларды курдуруусун, же чет жакка эксорттоого шарт түзүп берүүсүн өтүнүүдө.

"Бир жыл бою күткөн өрүк бышкан маалда 15 сомдон да алган киши жок болуп жатат. Экологиялык жактан таза өрүктөрүбүз баа болбой, жерде тебеленди болууда. Урматтуу, Садыр Нургожоевич, Балыкчы же Чолпон-Ата шаарына компот, сок чыгарган завод салып берүүңүздү суранабыз. Ошондой эле чет мамлекеттерге экспорт кылуу маселесин чечип берүүңүздү өтүнөбүз", - деди айыл тургуну Адилет Жанаманов.

Ошондой эле алар азыркы тапта өрүк алуучу эч ким жок болуп, бышкан өрүктөр жерге күбүлүп, тебелендиде калып жатканын баса белгилешти.

Кошумчалай кетсек, учурда Ысык-Көл районунда 1 килограмм өрүктүн баасы 15 сом болууда. Ал эми Бишкектеги базарларда дүң баада 50-70 сом, көчөдөгү жайма базарлар менен дүкөндөрдө килограммы 140-150 сом болууда.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: