super.kg logo

Борбордогу Байтик баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүн оңдоодо канча каражат үнөмдөлдү?

 

Бишкектеги Байтик баатыр жана Абдрахманов көчөсүндөгү реабилитация боюнча долбоордун быйылкы жылга бекитилген титулдук тизмедеги баасы 509 миллион 901 миң сомду түзгөн. Тендерден кийинки смета 483 миллион 916 миң сом менен бекип, 25 миллион 984 миң сом үнөмдөлгөн. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, капиталдык оңдоодон кийин дагы 70 миллион сомдун айланасындагы каражат эконом болду.

"Жол салууга керектелген ар бир бордюрга сертификат талап калынды. Жол тилкесине басылган асфальттын сапатына лабораториялык көзөмөл жүргүзүлдү.

Келишимдин шарттары боюнча, подряддык уюм асфальттын сапатына 3 жылдык кепилдик берет.

Кепилдик мөөнөтү иштеген убакыт ичинде жол тилкеси чөгүп, жарылып же сырттан кандайдыр бир кийлигишүү болбостон сапатын жоготсо, подряддык уюм өз эсебинен калыбына келтирет.

Бишкек шаарынын мэриясы капиталдык оңдоодон өтүп жаткан көчөлөрдө жол курулушунун сапатына жана жумушту бекитилген графикке ылайык жүргүзүүгө тыкыр көзөмөл кылууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 4-августтан тарта Байтик баатыр/Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү ачылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: