super.kg logo

Мирлан Самыйкожо “Манас” эпосу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады

 

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Мыйзам долбоору 6-августта коомдук талкууга коюлду.

Андагы маалыматка ылайык, мыйзамдын максаты “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо, мамлекеттик коргоо жана калкалоо чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат.

Эл өкүлү “Манас” эпосу үчилтигинин жана анын бардык бөлүктөрүн башка тилдерге которууда жана баяндоодо идеологиянын бузулуусунан, бурмалануусунан, өзгөрүп кетүүсүнөн, классикалык салттык контексттен четтеп кетүүсүнөн сакталышын жана корголушун камсыз кылууну сунуштаган.

Ошондой эле мыйзам долбоорунун автору манасчылардын, акындардын мектептерин түзүүнү, үчилтикти жана анын бардык бөлүктөрүн алып жүрүүчү, сейрек кездешүүчү искусствонун улантуучусу катары манасчы статусун бекемдөөнү сунуштаган.

Мыйзам долбоору менен бул шилтемеден кененирээк таанышсаңыз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: