super.kg logo

Бишкектин түндүгүндөгү айланма жол сизди дагы тажаттыбы? Министрлик долбоор даярдады

 

Бишкектин түндүк айланма жолу кыймылдын көлөмү көбөйгөнүнө байланыштуу реконструкцияга муктаж. Мындан улам долбоор иштелип чыкканын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

"Алматы-Бишкек-Ташкент автожолунун Бишкек шаарын айланып өтүүчү тилкеси учурда автоунаалардын интенсивдүүлүгү жогорулап, жолдо аң-чөнөктөрдүн көбөйгөндүгүнө байланыштуу реконструкциялоо талабы көтөрүлгөн.

Аталган автожолду реконструкциялоо максатында министрлик тарабынан долбоор иштелип чыгып, ишке ашыруу иштери башталган.

2024-жылдын июлунда 2019-жылы даярдалган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоо аяктады, анткени долбоордун баштапкы маалыматтары 2019-жылдан бери өзгөргөн. Себеби азыркы күнү авто транспорттун кыймылынын интенсивдүүлүгү жогорулады, жол боюнда жаңы курулуштар пайда болду, жумуштун наркы жана валюта курстары өзгөрдү", - деп билдиришти министрликтен.


Реконструкциялоого Сокулук айылындагы МАИ постунан баштап Новопокровка айылына баруучу автожол менен кесилишине чейинки участогу каралууда, жалпы жолдун узундугу 33,4 чакырымды түзөт.
Учурда министрлик аталган автомобиль жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууну каржылоого эл аралык каржы институттарына кайрылууларды жөнөтүп, финансы булагын табуу үстүндө иш алып барууда.

Маалымат ирээтинде айта кетсек: 24-июлда Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Европа реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы директору А.Рустамова менен жолугушууда Бишкек шаарынын түндүк айланма жолун реконструкциялоо” жана “Кара-Балта – Чалдовар автожолун реконструкциялоо” долбоорлорун талкуулаган.

Тараптар эки долбоор боюнча ишти жүргүзүүгө кызыктар экендигин билдирип, маселелерди деталдуу изилдеп, чечүү үчүн кошумча жолугушууну өткөрүү тууралуу макулдашышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: