Бишкекте ИИМдин кызматкерлери терезеден секирмекчи болгон 33 жаштагы аялды сактап калышты
Бишкекте ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери кечээ, 19-августта өз өмүрүнө кол салмакчы болгон жарандын өмүрүн сактап калышты.
Ички иштер министрлигинен билдиргендей, кечээ саат 22:14тө калаадагы Тыныстанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн балконунан секирмекчи болгон аял киши тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам түрдө Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери Медер Усманов, Базарбай уулу Нуржигит жана Тынчтык Эрназаров барып, жогорудагы жарандын өзүн-өзү өлтүрүү аракетин алдын алышкан.
"Куткарылган аял Бишкек шаарынын тургуну 1991-жылы туулган К.Г. болот. Аялдын туугандары милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.