super.kg logo

Түркиядагы тик учак кырсыгында каза болгон 2 кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө кенемте төлөндү

 

Былтыр Түркиянын Мендерес аймагында тик учак менен кырсыкка кабылып каза болгон кыргызстандык эки жарандын үй-бүлөсүнө кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, кырсыктаган тик учак "Транс Караван Кейджи" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык болгон. Аталган компания маркумдардын жакындарына 5 миллион 102 миң 246 сомдон компенсация төлөп берди.

Эске салсак, 2023-жылы 16-сентябрда Түркиянын Мендерес аймагында (Измирге жакын жерде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак кырсыкка учурап, "Тахталы" суу сактагычына кулап түшкөн. Кырсыкка кабылган тик учакты башкарып бараткан кыргызстандыктардын экөө учкуч, бирөө бортмеханик болгон.

Учкучтардын бири чөгүп бараткан тик учактан өз алдынча чыгып, жээкке сүзүп барган. Каза болгон эки кыргыз жарандарынын сөөгү эки күндөн соң табылып, 20-сентябрда Кыргызстанга алып келинип, туугандарына өткөрүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: