super.kg logo

Милиция Алайда баласына зомбулук көрсөткөн киши боюнча маалымат берди

 

Ош облустук милициясы социалдык тармакта тараган кичинекей баласына зомбулук көрсөтүп жаткан кишинин видеосу боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, аталган видео соцтармактарда кечээ, 12-сентябрда тараган. Окуя Оштун Алай районунда катталганы аныкталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган болчу.

Анын жүрүшүндө видеого тарткан жаран Алай районунун 1985-жылы туулган И.Т. аттуу тургуну экендиги аныкталып, кармалган.

Алгачкы маалыматтар боюнча И.Т. мындай аракеттерге баруусуна жубайы менен пикир келишпестиктер себеп болгон. Аны коркутуп коюу максатында өзүнүн баласын урушуп, видеого тартып, Орусияда эмгектенип жүргөн аялына жөнөткөн.

"Бала дарыгерлерге көрсөтүлүп, денесинде эч кандай жараат байкалган эмес. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды" э, - дешти милициядан.

Учурда окуяга катыштыгы бар жарандар суралып, текшерүү уланууда. Анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: