super.kg logo

Европада кыргызстандык жаш пульмонолог-изилдөөчүнүн эмгеги эң мыкты деп табылды

 

Улуттук кардиология жана терапия борборунун пульмонология жана аллергология бөлүмүнүн жаш пульмонолог-изилдөөчүсү Азамат Акылбековдун Европалык пульмонологдор коомунун конгрессинде баяндалган эмгеги эң мыкты илимий иш катары тандалып алынып, дүйнөдөгү ири илимий форумдун программасына киргизилди. Бул туурасында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалымдалгандай, 7-11-сентябрь күндөрү өткөн конгресске 20 миңдей окумуштуулар жана докторлор катышкан. 9-сентябрда доктор Акылбеков улуттук кара жорго бийин колдонуу менен кургак учуктан кийинки өпкө оорусу менен ооруган бейтаптарды реабилитациялоо боюнча уникалдуу изилдөөнүн жыйынтыктары менен тааныштырган.

"Академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда түзүлгөн, эл аралык деңгээлдеги жаш окумуштуулардын жана адистердин жаңы муунун даярдоого өзгөчө көңүл бурган, ошондой эле интеграцияга, эл аралык илимий коомчулук менен өнөктөштүккө жана заманбап технологияларды, инновацияларды киргизүүгө багытталган алдыңкы илимий медициналык кластер өзүнүн эффективдүүлүгүн, натыйжалуулугун көрсөтүп жатат", - деп кошумчаланат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: