super.kg logo

Улуттук госпиталда борборлоштурулган медициналык тез жардам бөлүмү ачылды

 

Бүгүн, 15-сентябрда Улуттук госпиталдын жаңы борборлоштурулган тез медициналык жардам бөлүмү ачылды. Бул туурасында саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Иш-чара министрдин биринчи орун басары Медербек Исмаилов, Кувейттин "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана башкармалыгынын төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшая, Улуттук госпиталдын жамааты жана башка коноктордун катышуусунда өттү.

Маалыматта айтылгандай, "Ас-Сафа" коомдук бирикмесинин колдоосу менен ал жерде бардык зарыл болгон курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүп, бейтаптарды кабыл алууга жана медицина кызматкерлеринин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Бөлүмгө төмөнкүлөр кирет: нейротравматологиянын кабыл алуу бөлүмү; жаак-бет хирургиясы; манжа микрохирургиясы; көздүн микрохирургиясы №2 (көздүн тез жардам бөлүмү); ыкчам урология; травматология; ЛОР (кулак, мурун, тамак); ыкчам хирургия; терапиянын кабыл алуу бөлүмү; проктология; ыкчам неврология; кан тамыр хирургиясы. Медициналык жардамды эң жогорку деңгээлде көрсөтүүгө мүмкүндүк берген заманбап жабдылган операциялык жана реанимация блокторго өзгөчө көңүл бурулду.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов Кыргызстандын медициналык инфраструктурасын өнүктүрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн Кувейт кайрымдуулук фондуна терең ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: