super.kg logo

Абактагы журналист Айке Бейшекеевага эл аралык сыйлык берилди

 

Тергөө абагында отурган журналист Айке Бейшекеева эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгынын лауреаты болду. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Билдирүүгө ылайык, сыйлык тапшыруу аземи Чехиянын Прага шаарында өткөн. Ага сыйлык адам укуктарын жана эркиндигин коргоо жаатындагы каармандыгы үчүн ыйгарылган.

Эске салсак, ушул жылдын 16-январында "Темиров Live" редакциясынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, өздөрү кармалган. Алардын арасында Бейшекеева да бар болчу. ИИМ аларга массалык башаламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кийинчерээк алардын жетөөсү ар кандай жагдайда үй камагына чыгарылган жана эч жакка кетпөө тууралуу тилкаты менен бошотулган. Учурда тергөө абагында төрт журналист – Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева отурат.

11 журналисттин иши Бишкектин Ленин райондук сотунда каралып жатат. 3-октябрда аларга карата чечим чыгышы күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: