super.kg logo

Кыргызстан Германия менен туризм багытында тыгыз кызматташат

 

Бүгүн, 27-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Германиянын туризм ассоциациясынын президенти Норберт Фибиг жана бул өлкөнүн ири туроператорлорунун өкүлдөрүнөн турган делегациясынын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул туурасында президенттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушууда тараптар Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнүн келечегин жана бул жаатта эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Эдил Байсалов Кыргызстан үчүн туризмди өнүктүрүү приоритеттүү экенин белгилеп, өлкөнүн кайталангыс жаратылышынын кооздугун, бай тарыхын жана маданиятын камтыган туристтик потенциалын баса белгиледи.

Норберт Фибиг Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүндө өтүп жаткан бул жолугушуунун символикалуу экенин белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин жана Германиянын Туризм ассоциациясы кыргызстандык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары ассоциация Кыргызстандын туристтик потенциалын Германия рыногунда илгерилетүүгө көмөктөшүүгө, ошондой эле туризм тармагында кыргызстандык адистерди даярдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: