super.kg logo

"Чет элдик инвестициялардын агымы көбөйдү". Президент Садыр Жапаров япон ишкерлери менен жолугушту 

 

Бүгүн, 27-сентябрда президент Садыр Жапаров Япониядан келген бизнес өкүлдөр менен жолугушту. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, биргелешкен аракеттер бизнес үчүн жаңы перспективаларды түзүүгө жардам берет.

Президент акыркы жылдары өлкөнүн экономикасына түз чет элдик инвестициялардын агымы көбөйгөнүн айтып, Кыргызстан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен активдүү диалогго жана кызматташууга ачык экенин баса белгиледи.

Япониянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү медицина, анын ичинде диагностикалык борборлорду түзүү жана бул мекемелердин медициналык кызматкерлерин окутуу сыяктуу тармактарда кызматташууга кызыкдар экендиктерин баса белгилешти. Ошондой эле бизнес өкүлдөр банк иши, туризм, энергетика жана спорт тармактарында иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: