super.kg logo

Өзгөн районун айланып өтүүчү жолдун көрүнүшү кандай? (видео)

 
Ош облусундагы Өзгөн айланма жолунун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул туурасында президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирип, видеосу менен бөлүшкөн.
"Өзгөн айланма жолу облустун эң маанилүү жана кооз инфраструктуралык долбоорлорунун бири. Бул айланма жол Өзгөн шаарын айланып өтүп, транспорт кыймылын жеңилдетүү, жол коопсуздугун жогорулатуу жана автотыгынды жоюу максатын көздөйт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жолдун жалпы узундугу 13,491 чакырымды түзөт. Анда Жазы дарыясынын үстүнөн өтүүчү 77,25 метрлик, ал эми Кара-Дарыядан өтүүчү 197,45 метрлик 2 чоң көпүрөнүн курулушу каралган.
Айта кетсек, аталган жолду президент Садыр Жапаров мамлекет менен бирге эки жеке менчик компания да куруп жатканын, ал компаниялардын негиздөөчүлөрүнүн катарында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас да бар экендигин айткан.





Өзгөндөгү айланма жолдун көрүнүшү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: