super.kg logo

Ош шаарындагы мамлекеттик бала бакчаларга бир жумада жаңы өзгөрүүлөр кирди

 
Ош шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдарга карата зордук- зомбулукту алдын алуу, болтурбоо боюнча иш- план түзүлүп, 1- этапта тарбиячыларга психологдордун сабактары уюштурулду. Бул туурасында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жаңы башчысы Санталат Аманова Фейсбук баракчасынан билдирип, дагы бир нече багыттарды тизмектеди.
Анын айтымында, психологдордун сабактары график менен бардык бакчаларда өткөрүлөт. Ошондой эле бакчалардагы кампа, ашкана жана короолор толугу менен видео байкоо менен камсыздалат. Буга чейин коридор менен тайпалар гана көзөмөлдөнүп тургандыгы кошумчалаган.
"Мындан тышкары, тендерди уткан тараптарга келишимдин талаптары өзгөртүлүп, талап бир кыйла татаалдаштырылды. Ар жумада алынып келинген азык-түлүк боюнча АКТ түзүлүп, фото, видео отчёт Башкармалыкта жаңыдан түзүлгөн штабга жөнөтүлөт. Ошондой эле, балдардын үч маал жасалган тамагы, тайпалардагы инновациялык сабактардын фото, видео отчёттору штабдын электрондук базасына келип турат", - деп айтылган маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: