super.kg logo

Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы учак кырсыгы боюнча маалымат берди

 

Казакстандын Актау аймагына жакын жерде кырсыкка учураган учактагы эки кыргызстандык аман-эсен. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

"Ачык булактардагы маалыматка ылайык, учакта 67 адам болгон, алардын арасында Азербайжандын жарандары менен катар Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары болгон. Кыргызстандын үч жаранынын экөөсү А.Р. жана О.Т. аман-эсен.

Учурда Казакстанда бардык тиешелүү органдардан турган Республикалык штаб түзүлгөн. Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги Кыргыз жарандары тууралуу расмий маалымат алуу үчүн Казакстандын тийиштүү органдары менен байланышта" деп жазылат маалыматта.

Кыргызстандын жарандары үчүн керектүү жардам же консультация алуу максатында Казакстандагы Кыргызстандын элчилигинин ыкчам байланыш телефону иштеп жатат: +7 776 124 88 33.

Белгилей кетсек, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга учуп баратып Казакстанда кулагандыгы айтылган. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын 37си Азербайджандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: