super.kg logo

Айжан Чаначева "Дүйнө сулуусу" сынагына катышуу үчүн Индияга жөнөп кетти

 

"Кыргызстан сулуусу-2025" наамынын ээси Айжан Чаначева 72-эл аралык "Дүйнө сулуусу-2025" сынагына катышуу үчүн Индияга жөнөп кетти. Бул тууралуу 6-майда "Кыргызстан сулуусу" улуттук сулуулар сынагынын дирекциясы кабарлады.

Айта кетсек, "Дүйнө сулуусу-2025" сынагы 7-майдан 1-июнга чейин Индиянын Хайдарабад шаарында өтөт. Сынакка 132 өлкөдөн барган сулуулар катышышат.

"Дүйнө сулуусу" сынагы сырткы сулуулукту гана эмес, акыл-эсти, боорукерликти жана коомдо оң өзгөрүүлөрдү жасоого умтулууну да даңазалоочу уникалдуу платформа болуп эсептелет. Айжандын 31-майда өтө турган финалдык баскычтагы катышуусу көптөрдү шыктандырып, өлкөбүздүн эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркын арттырарына ишенебиз. Анын жолу ийгиликтерге толсун, ал эми тарыхы кийинки муундар үчүн үлгү болсун", - деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, "Дүйнө сулуусу" сынагы Индияда экинчи жыл катары менен өтүп жатат. Былтыркы сынак Мумбай шаарында өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: