Агартуу министрлиги мугалимдерге жана ата-энелерге кайрылды
Агартуу министрлиги мектеп жетекчилерине жана ата-энелерге кайрылып, мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынганын эскертти.Мекеме белгилегендей, талапты бузган адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
"Бала бакчалардын, мектептердин кызматкерлери, ата-энелер, коомдук фонддордун жана башка уюмдардын жетекчилери, ошондой эле башка адамдар тарабынан ар кандай мыйзамсыз акча чогултууга жана мажбурлап каражат алууга катуу тыюу салынарын белгилейбиз", - деп айтылат маалыматта.
Эгерде мындай фактылар аныкталса, ата-энелер жана окуучулардын мыйзамдуу өкүлдөрү дароо тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууга милдеттүү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:19
2026-08-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















