super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Толгонай Токомбаева “Бурана” мунарасынын музей комплексинын директору болуп дайындалды

 
“Бурана” мунарасынын музей комлексинин директору Анита Шаменова өз калоосу менен ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Толгонай Токомбаева 2025-жылдын 3-ноябрынан тартып Республикалык археолого-архитектуралык "Бурана" мунарасынын музей комплексинин директору кызмат ордуна дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Директорлук кызматына дайындоо эмгек келишиминин негизинде үч айлык сыноо мөөнөтү менен жүргүзүлдү. Жаңы жетекчини маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков жалпы эмгек жамаатка тааныштырды.
Толгонай Токомбаева 1974-жылдын 20-ноябрында Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Жогорку билимди 2004-жылы Бишкек гуманитардык университетинде менеджмент адистиги боюнча алган.
Өзүнүн кесиптик жолун 1998-жылы "Бурана" мунарасынын музейинде илимий кызматкер болуп баштаган.
Ал 2017-жылдан тартып ЮНЕСКО, USAID жана JICA сыяктуу эл аралык долбоорлордо активдүү катышкан, анын ичинде "Коридоры наследия Шелкового пути", "Защита башни Бурана от антропогенных и сейсмических угроз", "Говорящая керамика", "Аудиогид музея" долбоорлору бар.
Толгонай Токомбаева ошондой эле 2021-2024-жылдары Бурана айыл өкмөтүнүн депутаты болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: