super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Тоо койнундагы эки залкар" аттуу китептин бет ачары өттү (фото)

 
Кечээ, 12-ноябрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Айтматов залында Ат-Башы жергесинен чыккан белгилүү өнөр ээлери, кыргыз маданиятынын сыймыгы Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованын элесине арналган "Тоо койнундагы эки залкар" аттуу китептин бет ачар аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, тарыхчы-изилдөөчү Аман Турдакунов, Кубат Асан уулу, “Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованын атындагы коомдук фонддун” директору Болот Андабеков, ошондой эле эки залкардын балдары жана неберелери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук китепкана тарабынан "Элдик мурасты даңазалаган түгөйлөр – Андабеков жана Карасартова" аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле залкарлардын чыгармачылык өмүрүнө арналган видеотасма көрсөтүлдү.
Китептин автору Бакыт Нышан "Тоо койнундагы эки залкар" чыгармасынын жаралуу тарыхы тууралуу баяндап берди.
Андан тышкары, белгилүү маданият ишмерлери сөз сүйлөп, залкарлардын өмүр жолу, чыгармачылыгы жана улуттук өнөргө кошкон салымы тууралуу ойлорун ортого салышты.
Иш-чаранын соңунда "Тоо койнундагы эки залкар" аттуу китеп Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуровго салтанаттуу түрдө тапшырылды. Ошондой эле катышуучулар үчүн автордун кол тамга берүү аземи жана фотосессия уюштурулду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: