super.kg logo

Окуучу менен мугалимдин мушташы: Окуя болгон жердеги видео тарады (видео)

 

Кечээ, 19-февралда Бишкектеги мектептердин биринде мугалим менен окуучу мушташканы тууралуу маалымат тараган.

Ал эми аталган окуянын күбөлөрү окуянын видеосун бөлүшүп, мугалим менен окуучунун ортосунда эч кандай мушташ болбогонун, окуучу бала мугалимди түртүп жибергенин айтышкан.

Видеодон окуучу бала эркек кишини түртүп жибергенде ал асфальт жолго кулуп түшкөнүн көрүүгө болот. Ал эми андагы окуучулар түртүп жиберген окуучуну курчап калышкан.

Белгилей кетсек, мушташ тууралуу Биринчи Май райондук милициясы маалымат берип, окуя 16-февралда саат 11:30дар чамасында болгонун, анда мектептердин биринде окуучу менен мугалимдин ортосунда физикалык күч колдонуу менен чыр-чатак чыккандыгын билдирген.

Тергөө учурунда 1957-жылы туулган К.Б. аттуу мугалим 2010-жылы туулган окуучу М.К. боюнча чара көрүүнү суранганып арыз жазган. Ал эми окуучу медициналык жардам алуу үчүн бир медициналык мекемеге кайрылган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ден соолукка келтирилген зыяндын деңгээли аныкталууда.






Окуянын видеосу kaktus.media порталына жөнөтүлгөн

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: