Автобуста уурулук кылганга шектүү кармалды
Бишкек милициясы №135 автобуста чөнтөк уурулук кылууга шектелген жаран кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган жаран белгисиз адамдар анын уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген.
5-февралда саат 17:30 чамасында арыз ээси "Ош базарынын" аймагынан №135 автобуска түшүп, Левановский көчөсүнө жеткенде iPhone 16 Pro үлгүсүндөгү уюлдук телефону жоголгонун байкаган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, чөнтөк ууру катары каттоодо турган А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Ленин райондук сотунун чечими менен шектүүгө карата эки ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, Бишкек шаарынын №1 Тергөө абагына камакка алынды.
Тергөөдө шектүү кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефонду "Ош базарынын" аймагында сатып жибергени аныкталган. Ошондой эле уюлдук телефондор сатылган жерлерде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 60тан ашык уюлдук телефондор табылып, алынган. Алардын арасында арыз ээсине таандык уурдалган телефон да болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















