super.kg logo

Ошто эки ай мурун 11 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө (видео)

 
Ошто мындан эки ай мурун 11 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы кабарлаган.
Анда шаардык милиция жарандарга кайрылып, окуя болгон учурдагы видеону жарыялаган. Көрсөтүлгөн маалымат боюнча, окуя өткөн жылдын 28-декабрында болжол менен саат 19:30 чамасында болгон.
"Ош шаарынын 11 жаштагы тургуну Алиев көчөсүндөгү 121-үйдүн алдында чоң жол менен жөө өтүп бара жаткан учурда, ак түстөгү жеңил унаа сүзүп кеткен. Натыйжада, жөө жүргүнчү кыз денесинен жараат алып, ооруканга жеткирилген. Бүгүнкү күндө жабырлануучу дарыланууда. Ал эми айдоочу кырсык болгон жерден из жашырган",- деп жазылган милициянын маалыматында.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, жолдун жээгиндеги кеңседе орнотулган видеобайкоо камерасынан кырсыктын тасмасын көчүрүп алган. Учурда качып кеткен шектүү изделүүдө.





Ош

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: