Бишкекте милиция кызматкери жаранды ур-токмокко алууга шектелип кармалды
Бишкекте жаранды ур-токмокко алууга шектелип милициянын кенже лейтенанты кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин райондук милициясынын кызматкери административдик укук бузууга (Майда бейбаштык) шектелген жаранды №2 шаардык милиция бөлүмүнө жеткиришип, эч кандай негизсиз ур-токмокко алышкан.
Жабырлануучу "Тез жардам" менен Улуттук госпиталга жеткирилген. Андан баш мээнин чайкалышы, эки омуртканын сынуусу менен коштолгон жүлүндүн жабык жаракаты, ошондой эле бет жана бел тарабынын көгөрүшү аныкталган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:51
2026-02-24
10:32
2026-02-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















