Бишкекте уурулукка шектелип 2 аял кармалды
Бишкекте уурулукка шектелип 40 жана 32 жаштагы аял кишилер кармалышты. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, алар калаанын 6-кичирайонунда жайгашкан батирге киришип, 120 миң сом, 150 евро, ошондой эле алтын буюмдарды, тагыраагы, шакек, нике шакеги, сөйкө жана чынжырчаны уурдап кетишкен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга да тиешеси бар же жок экендиги аныкталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:51
2026-02-24
10:32
2026-02-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















