Бишкекте ШКУдагы өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кызматташтыгы талкууланды
Бүгүн, 26-февралда Бишкек шаарында Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысы Рустам Ормокоевдин жетекчилиги алдында эл аралык аскердик кызматташтык боюнча жетекчилердин биринчи отуруму өтүүдө.
Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чарага Индиянын, Ирандын, Казакстандын, Беларустун, Кытайдын, Кыргызстандын, Пакистандын, Орусиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана ошондой эле ШКУнун катчылыгынын өкүлдөрү катышууда.
Отурумдун жүрүшүндө 2026-жылга карата ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрликтеринин кызматташуу планы каралууда. Анын негизги багыттарынын бири - ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин алдыдагы Кеңешмени уюштуруу жана өткөрүү болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:19
2026-08-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















