super.kg logo

УКМК чуулгандуу Элдар Жакыпбековдун иши боюнча маалымат берди

 

УКМК Аскер прокуратурасы тарабынан коррупцияга шектелип кармалышкан атайын кызматтын Бишкек боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков жана анын адамдары тууралуу маалымат берди.

Атайын кызмат Элдар Жакыпбеков баюу максатында коррупциялык топ түзгөнүн белгилейт. Кылмыштуу топко кирген УКМК кызматкерлеринен жана жарандардан турган 5 адам кармалган.

УКМК бул боюнча кызматтык иликтөө жүргөнүн, жыйынтыгында 6 кызматкер жумуштан айдалып, дагы 6 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулганын билдирди. Ал эми 8 кызматкер тартиптик жазага тартылса, УКМКга кызмат өтөөгө 1 талапкер четтетилген. Учурда кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарда "Эдунун кырк чоросу" деп аталган топ тууралуу маалыматтар тараган. Анда топтогу адамдардын лакап аттары жана сүрөттөрү көрсөтүлөт. Алардын арасынан "Пито", "Вазелин" жана каймана аттуулары кармалганы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: