Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктар эвакуацияланарын билдирди
Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, мекенине келе албай жаткан жарандарыбызды эвакуациялап алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров билдирди."Бириккен Араб Эмираттарында учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу Оман өлкөсү менен сүйлөшүп, эки учак жалдап 300 кишини алып кетүү боюнча макулдашууга жетиштик.
Кудай буюруп, БАЭден учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандарыбыздын баарын бир күндө алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар алып келинет. Баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам",- деп жазды президент социалдык тармактагы баракчасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















