Сауд Арабиясынан 217 кыргызстандык жаран эки учак менен эвакуацияланууда
Бүгүн, 4-мартта Сауд Арабиясындагы кыргызстандыктар эки учак менен эвакуацияланат. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Каттамдар Жидда-Бишкек жана Жидда-Ош багыты боюнча ишке ашырылып жатканы белгиленди. Учактар өлкөгө саат 16:00 чамасында конору белгиленген. Имангазиев кошумчалагандай, каттамда 217 кыргызстандык бар.
"Сауд Арабиясында учурда 7 миңге жакын жараныбыз бар. Анын миңи туруктуу жашагандар жана 5000-6000ге жакыны зыяратчылар. 1000ге жакын жараныбыз эвакуация маселеси боюнча кайрылышты",- деди Имангазиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















