super.kg logo

Жогорку Кеңеште Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанат өткөрүлдү

 

Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңеште 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө арналган иш-чара өтүп, ар кыл тармакта ийгиликтүү эмгектенген айымдар катышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, куттуктоолордо энелердин мээрими, айымдардын коомдогу ролу жана алардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө басым жасалды. Айрым депутаттар социалдык маселелерге – зомбулукка каршы аракеттер, ишкер аялдарды колдоо, азык-түлүк коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоого көңүл буруларын белгилешти.

Мурдагы депутаттар, маданият жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү аялдардын мамлекеттик башкаруудагы ролу тууралуу баяндама жасашты.

Иш-чаранын соңунда Жогорку Кеңештин төрагасынын куттуктоосу камтылган видеоролик көрсөтүлүп, катышуучуларга ыраазычылык каттар, эстелик белектер жана гүлдөр тапшырылганы кабарланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: