super.kg logo

"Бул илбирспи?" Депутат Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символикасын сынга алды (видео)

 

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында депутат Болот Сагынаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символикасын сынга алды.

"Бул илбирспи? Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символикасы катары ушул кабыл алыныптыр, туурабы? Менин түшүнүгүмдө спорттук иш-чаралар өтүп жатканда, илбирстер мындай сүрөттөлбөйт. Бул ким тарабынан кабыл алынган? Комиссия түзүлүп кабыл алса, менин каршылыгым жок. Негизи илбирс жырткыч, сүрдүү жаныбар катары сүрөттөлөт. Мен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символикасында ал нерсени таба алган жокмун. Ушуну дагы бир жолу карап чыгасыздарбы?",- деди депутат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аталган символиканы комиссиядан өткөрүп, бекиткенин билдирди.







Депутат Дүйнөлүк көчмөндөр оюнундарынын символикасын сынга алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: