Караколдун мэри Талантбек Иманов майрамды утурлай балдар мекемелерин кыдырды
Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата балдар мекемелеринин тарбиялануучуларын куттуктап, фостердик үй-бүлөлөргө барды.
Ал “Ирада” үй-бүлөлүк балдар үйүнө, аутизм менен ооруган балдарды колдоо борбору “Үмүт Жылдызы” мекемесине, “Телегей” үй-бүлөлүк балдар үйүнө жана 13 бала тарбияланып жаткан фостердик үй-бүлөгө барды.
Иш сапардын жүрүшүндө мэр балдардын жашоо, тарбия жана билим алуу шарттары менен таанышып, тарбиялануучулар жана кызматкерлер менен баарлашып, белектерди тапшырды.
“Телегей” балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын сүйүктүү хоббиси сүрөт тартуу экени айтылды. Балдардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү үчүн аларга сүрөт тартуу каражаттары, ал эми мекемеге керектүү тиричилик техникасы берилди.
Мекеме директору Махабат Орозбаева белгилегендей, сүрөт тартуу балдардын эмоциясын жана ички дүйнөсүн билдирүүгө жардам берет.
“Сүрөт тартуу балдардын эс-тутумун жана көңүл буруусун өнүктүрүп, кол моторикасын жакшыртат жана сулуу жазууга үйрөтөт. Сүрөттөр аркылуу биз балдарды жана алардын ички дүйнөсүн жакшыраак түшүнөбүз”, - деди ал.
Балдар ыраазычылык катары мэрге өз колдору менен тартылган сүрөттү белек кылышты. Талантбек Иманов бул белек үчүн ыраазычылык билдирип, аны өзүнүн иш бөлмөсүнө илип коё турганын айтты.
“Ирада” үй-бүлөлүк балдар үйүнө 10 тарбиялануучу үчүн компьютердик техника топтому тапшырылды.
Мекеме жетекчиси Акылсайра Жумабекова “ар бир бала биз үчүн кымбат” деп белгилеп, балдардын келечегине кам көрүү маанилүү экенин айтты.
“Үмүт Жылдызы” борборуна аутизми бар балдар менен иштөөгө ылайыкталган атайын виброплатформа белекке берилди. Бул жабдуу сабактарды натыйжалуу жана ыңгайлуу өткөрүүгө жардам берет.
Фостердик үй-бүлө түптөгөн Гүлира Орозбаевага 13 бала үчүн кир жуугуч машина тапшырылды. Балдар коноктор үчүн чакан концерт коюп, 9 жаштагы Мелисса комузда кол ойнотту.
Иш-чаранын аягында мэр балдарды майрамы менен куттуктап, аларга ден соолук, бактылуу балалык жана ийгиликтерди каалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















