super.kg logo

Өзбекстандын Гидрометеорологиясы уулуу жаан тууралуу маалыматты четке какты

 

Иран аймагындагы жардыруулардан улам Борбордук Азия өлкөлөрүндө уулуу жаан жаашы мүмкүн деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өзбекстандын Гидрометеорология кызматы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Эскерте кетсек, бул божомолдор 7-мартта Тегеран шаарына жакын жайгашкан Шахран мунай сактоочу жайына жасалган Израилдин чабуулунан кийин тарай баштаган. Өрттөн улам асманды кара түтүн каптап, күйгөн мунайдын калдыктарынан улам шаарда кара түстөгү жаан жааганы айтылган.

Кызмат түшүндүргөндөй, кислоттук жаан атмосферада күкүрттүн оксиддери (SO₂) жана азоттун оксиддери (NO₂) топтолгондо пайда болот. Бул заттар булуттарда суу буусу менен химиялык реакцияга кирип, көбүнчө ири өнөр жай аймактарына жакын жерлерде түзүлөт.

Адистердин айтымында, аба массалары узак аралыкка жылганда зыяндуу заттардын концентрациясы абадагы аралашуу жана чөкмө процесстердин натыйжасында азаят. Андыктан миңдеген чакырым алыстыкта уулуу жаандын пайда болушу дээрлик мүмкүн эмес.

Белгилей кетсек, маселени Жогорку Кеңештин депутаты да көтөрүп, бул жааттагы Кыргызгидрометтин мониторингине кызыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: