super.kg logo

"Хезболла" кыймылы Израилге каршы жаңы операция баштаганын жарыялады

 

Ливандын “Хезболла” кыймылы Израилге каршы аскердик операция башталганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат агенттиктери кабарлашты.

"Бул чабуул Жакынкы Чыгышта кагылышуу күчөгөндөн берки "Хезболла" менен Ирандын Израилге координацияланган биринчи соккусу болду. Анда кыймыл тарабынан Израил тарапка 100дөй ракета атылган",- деп жазылат маалыматта.

The Times of Israel басылмасы жазгандай, Израилдин түндүгүндө эки киши "Хезболла" кыймылынын ракеталык чабуулунан жаракат алды. Буга жооп катары Израилдин Коргоо күчтөрү топтун Бейруттагы инфраструктурасына бир катар соккуларды жасаган.

Белгилесек, 2-март түнү Ливан аймагынан Израилге бир нече ракета атылган, жоопкерчиликти "Хезболла" кыймылы өзүнө алган. Израил армиясы массалык соккуларды баштап, ондогон жайлар талкаланып, жүздөгөн адамдар каза таап, жарадар болгон. 800 миңдей жаран үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: