super.kg logo

Австралия гимнди ырдоодон баш тарткан ирандык футболчу аялдарга башпаанек берди 

 

Австралия бийлиги футбол боюнча Ирандын аялдар курама командасынын беш оюнчусуна башпаанек берилгенин билдирди. Бул тууралуу ВВС news басылмасы жазды.

Андагы маалымат боюнча, футболчулар Австралияда өтүп жаткан Азия кубогунун алгачкы оюнунда Ирандын улуттук гимнин аткарбай коюшкан. Мындан улам алар мекенине кайтып барса, коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн экени айтылган.

Ал эми австралиялык маалымат каражаттары дүйшөмбү күнү эртең менен 5 футболчу мейманканадан чыгып, полициядан жардам сурап кайрылганын жана учурда коопсуз жерде экенин билдиришти.

Аталган окуядан кийин АКШ президенти Дональд Трамп Австралия бийлигине Ирандын бүтүндөй командасына башпаанек берүүнү сунуштаган. Андан кийин Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына "5 оюнчуга жардам көрсөтүлдү" деген билдирүү калтырган.

Бирок футболчулар кийинки оюндарда гимнди ырдап, патриоттук кыймылдарды көрсөтүшкөн. Айрым байкоочулар муну оюнчуларга же алардын үй-бүлөлөрүнө кысым же коркутуулар болгонунун белгиси деп божомолдошкон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: