super.kg logo

Иран Кипрге, Түркияга жана Азербайжанга чабуул жасаганын четке какты

 

Ирандын куралдуу күчтөрү Кипрге, Түркияга жана Азербайжанга чабуул жасаган эмес. Бул тууралуу брифинг учурунда Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи билдирди. Бул маалыматты Tengrinews.kz агенттиги РИА Новости басылмасына шилтеме берүү менен таратты.

Анын айтымында, Азербайжан, Түркия жана Кипр боюнча Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы расмий түрдө мындай ракеталык учуруулар Ирандын аймагынан да, анын куралдуу күчтөрү тарабынан да болбогонун так билдирген. Багаинин сөзүн ирандык SNN телеканалы таратты.

АКШ жана Израил менен мүмкүн болгон ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр маселесине токтолуп, Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү азыр мындай сүйлөшүүлөр жөнүндө айтууга эрте экенин белгиледи.

"Аскердик агрессия уланууда. Азыркы шартта коргонууга же душманга катуу жооп кайтарууга байланышпаган башка маселелер тууралуу айтууга орунсуз",- деди ал.

Ошондой эле Багаи АКШнын негизги максаты - Ирандын мунай ресурстарына жетүү экенин айтты. Анын айтымында, буга чейин да АКШнын Иранга карата саясаты мунай ресурстарына жетүү максаты менен байланыштуу экени көптөн бери айтылып келет.

Маалыматка ылайык, 28-февралда АКШ жана Израил Иран аймагындагы бир катар объекттерге, анын ичинде Тегеран шаарына сокку урган. Буга жооп катары Иран Израилдин аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объекттерине каршы соккуларды жасоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: